Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

9. ЖУМУН ГИПЕРСТИМУЛЯЦИЯ СИНДРОМУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ОВУЛЯЦИЯНЫ ТУРГУЗУУЧУ КАТАРЫНДА КИССПЕПТИН АГОНИСТТЕРДИ КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ (2020–2025-жылдар аралыгындагы адабиятка сереп)

ЖУМУН ГИПЕРСТИМУЛЯЦИЯ СИНДРОМУН АЛДЫН АЛУУ
МАКСАТЫНДА ОВУЛЯЦИЯНЫ ТУРГУЗУУЧУ КАТАРЫНДА КИССПЕПТИН
АГОНИСТТЕРДИ КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ (2020–2025-жылдар аралыгындагы адабиятка сереп)
Шарапидинова Аида Масхаридиновна
Саткынбай Тентишев атындагы Азия Эл аралык Университети
Кант ш., Кыргыз Республикасы
Аннотация
Изилдөөнүн максаты: жогорку тобокелдиктүү бейтаптарда жумуртка бездеринин
гиперстимуляция синдромун алдын алуу үчүн овуляцияны стимулдаштыруучу кисспептин
агонисттерин колдонуунун натыйжалуулугу боюнча учурдагы адабияттагы маалыматтарды
талдоо.
Изилдөө ыкмалары: 2020–2025-жылдар аралыгындагы илимий адабияттарды
PubMed, Scopus, Embase, Web of Science жана ClinicalTrials.gov маалымат базаларын,
ошондой эле ASRM жана ESHRE сунуштарын колдонуп аналитикалык карап чыгуу
жүргүзүлдү. Шолуга IVF программаларында киспептинди триггер катары колдонууга
багытталган рандомизацияланган клиникалык сыноолор, системалуу обзорлор жана мета-
анализдер киргизилди.
Негизги жыйынтыктар:кисспептин агонисттерин колдонуу жумуртка
клеткаларынын натыйжалуу жетилишине жана уруктануу менен кош бойлуулук
ылдамдыктарынын окшоштугуна шарт түзөрү, ошондой эле жумуртка бездеринин
гиперстимуляция синдромунун оор формасынын тобокелдигин олуттуу азайтары аныкталды.
Эң көрүнүктүү оң натыйжа жогорку аналык резерви жана поликистоздук энелик без
синдрому бар бейтаптарда байкалган. Мындан тышкары эмбрионду өткөрүү жокко
чыгарылышынын жыштыгынын азайышы жана жардамчы репродуктивдик технология
программаларынын коопсуздугунун жакшырышы аныкталган.
Жыйынтыктар жана клиникалык мааниси: кисспептин триггерди колдонуу
овуляцияны жаратуу үчүн перспективдүү жана коопсуз ыкма болуп саналат, ал жардамчы
репродуктивдик технология программаларындагы асқынуулардын пайда болушун азайтууга
жана репродуктивдик медицинада жекече ыкманын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Ачкыч сөздөр: ЖГС, кисспептин, ЭКО, анти-Мюллеров гормону, жогорку тобокелдик