Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

10. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАНА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ СОТТУК МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДООСУ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАНА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ СОТТУК-
МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДООСУ
К.Б.Биримкулова1, С.Э.Эрнисбекова2
Саткынбай Тентишев атындагы Азия эл аралык университети
1Кесиптер аралык дисциплиналар кафедрасы
2Терапиялык жана адистештирилген дисциплиналар кафедрасы
Кант ш., Кыргыз Республикасы
Макаланын кыскача мазмууну
Изилдөөнүн актуалдуулугу укуктук системалардын трансформациялоо шартында
укук колдонуу практикасын өркүндөтүү жана медициналык-криминалистикалык
изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган. Макаланын максаты
— Кыргыз Республикасындагы жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) мамлекеттериндеги соттук-медициналык экспертиза системаларын уюштуруу жана
иштөөнү салыштырмалуу талдоо.
Методдору. Соттук-медициналык экспертизаларды жүргүзүүнүн ченемдик-укуктук
негиздерин, институционалдык структураларын, кадрдык камсыздоосун жана
методологиялык ыкмаларын салыштырмалуу-укуктук жана институционалдык талдоо
колдонулган.
Жыйынтыктары. Адистерди даярдоодогу, бюролордун техникалык
жабдууланышындагы жана эксперттик корутундулардын сапатындагы айырмачылыктар
аныкталган. Постсоветтик соттук-медициналык экспертиза системаларынын жалпы
көйгөйлөрү жана кыргыз моделинин спецификалык өзгөчөлүктөрү белгиленген. Бирдиктүү
тарыхый тамырларга карабастан, КМШ өлкөлөрү эксперттик кызматтарды
модернизациялоодо ар кандай динамиканы көрсөтүшөт.
Корутунду. Укук колдонуу практикасын өркүндөтүү жана медициналык-
криминалистикалык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы негизделген.
Алынган жыйынтыктар эксперттик кызматтарды мындан ары реформалоодо колдонулушу
мүмкүн.
Ачкыч сөздөр: соттук-медициналык экспертиза, Кыргызстан, КМШ өлкөлөрү,
укуктук жөнгө салуу, эксперттик ишмердүүлүк, медициналык криминалистика,
салыштырмалуу талдоо.