Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

8. ЙОД ЖЕТИШПЕСТИГИНЕН ЖАРАЛГАН КАЛКАН СЫЯК ШИШИКТЕРИН ДАРЫЛОО ЖАНА ПРЕВЕНЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

ЙОД ЖЕТИШПЕСТИГИНЕН ЖАРАЛГАН КАЛКАН СЫЯК ШИШИКТЕРИН
ДАРЫЛОО ЖАНА ПРЕВЕНЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ
Э.Ж. Сулайманова1, М.А. Мураталиева2, Nalin Aryan3, Aruna Thadi3
Саткынбай Тентишев атындагы Азия Эл аралык университети
1Акушерства, гинекология жана педиатрия кафедрасы
2морфологиялык дисциплиналар кафедрасы
3Студенттик илимий бирикме
Кант ш., Кыргыз Республикасы
Аннотация
Изилдөөнүн максаты – калкан безинин йод жетишсиздигинен пайда болгон ооруларын
(ЙДЗ) алдын алуу жана дарылоонун заманбап ыкмаларын жалпылоо.
Методдор: илимий басылмалардын жана нормативдик документтердин теориялык анализи,
Улуттук интеграцияланган микронутриенттик жана антропометриялык изилдөөнүн
статистикалык маалыматтары, БДСУ жана IGN эл аралык отчёттору, ошондой эле йод менен
камсыз болуу көрсөткүчтөрү жана тузду йоддоонун эффективдүүлүгү боюнча салыштырма
талдоо.
Талкуу: алынган жыйынтыктар көрсөткөндөй, тузду міндеттүү түрдө йоддоо
программасынын аркасында Кыргызстан балдар жана өспүрүмдөр арасында йод менен
камсыз болуунун жетиштүү деңгээлин камсыздады (МЙК – 175 мкг/л) жана калктын
йоддолгон туз менен камтылышы дээрлик толук деңгээлге жетти (98–99 %). Ошого
карабастан, аймактар арасында туздун сапаты боюнча айырмачылыктар жана өзгөчө айыл
жерлеринде калктын маалымдуулугунун жетишсиздиги байкалат. Эл аралык контекст туз
керектөөнү азайтуу боюнча демилгелер менен йоддоо программаларын интеграциялоонун,
ошондой эле билим берүү иш-чараларын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.
Жыйынтык: анализ Кыргызстанда йод жетишсиздигин жоюу боюнча улуттук стратегиянын
туруктуу натыйжалуулугун тастыктайт. Жетишилген ийгиликтерди сактап калуу үчүн
йоддолгон туздун сапатын системалуу көзөмөлдөө, калктын йод менен камсыз болуусун
үзгүлтүксүз мониторинг кылуу жана тармактар аралык кызматташтыкты колдоо талап
кылынат. Кыргызстандын тажрыйбасы окшош географиялык жана социалдык шарттары бар
өлкөлөр үчүн үлгү боло алат.
Негизги сөздөр: йод жетишсиздиги, тузду йоддоо, профилактика, калкан бези,
Кыргызстан, статистикалык талдоо, коомдук саламаттык.