Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

3. ГОНОКОКТУК ИНФЕКЦИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ИРИДОЦИКЛИТ (АЛДЫҢКЫ УВЕИТ): АДАБИЯТКА ОБЗОР

ГОНОКОКТУК ИНФЕКЦИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ИРИДОЦИКЛИТ
(АЛДЫҢКЫ УВЕИТ): АДАБИЯТКА ОБЗОР
Ю.В. Сердюкова, М.Т. Окилова
Саткынбай Тентишев атындагы Азия эл аралык университети
Хирургиялык дисциплиналар кафедрасы
Кант ш., Кыргыз Республикасы
Аннотация
Актуалдуулугу. Чоңдордогу гонококктук көз инфекциясы сейрек кездешет, бирок
сөзсүз дарыланбаса, сокурлукка алып келиши мүмкүн болгон абал болуп саналат. Neisseria
gonorrhoeae менен байланыштуу алдыӊкы увеит (иридоциклит) көп учурда ЖЖОО
этиологиясы эске алынбай, спецификалык эмес увеит катары каралат, бул дарылоонун
кечигишине жана кайтарымсыз асоратка алып келет.
Максаты. Neisseria gonorrhoeae менен байланыштуу иридоциклит/алдыӊкы увеиттин
клиникалык варианттары, диагностикасы жана дарылоо принциптери боюнча заманбап
маалыматтарды жыйынтыктоо.
Материалдар жана методдор. 1987–2026-жылдар аралыгындагы PubMed/PMC
маалымат базаларында нарративдик адабият обзору жүргүзүлдү. Издөө ачкыч сөздөрү:
Neisseria gonorrhoeae, gonococcal, ocular, uveitis, iridocyclitis, anterior chamber reaction.
Киргизүү критерийлери: козгогучту лабораториялык ырастоо (микроскопия, маданий
жана/же NAAT) жана алдыӊкы сегменттин офтальмологиялык статусунун сүрөттөмөсү.
Жалпы 23 булак талданды.
Натыйжалары. «Обочолонгон» гонококктук иридоциклит сейрек сүрөттөлөт; увеит
белгилери көбүнчө оор кератоконъюнктивиттин курамдык бөлүгү катары байкалат.
Кайтарымсыз асораттарды алдын алуунун негизги шарттары — лабораториялык
верификация (NAAT, маданий) жана колдонулуп жаткан сунуштамаларга ылайык
цефтриаксон дароо системалык дайындалышы.
Корутунду. Гонококктук иридоциклит мультидисциплинардык мамилени талап
кылат (офтальмолог, дерматовенеролог, инфекционист). N. gonorrhoeae
антибиотикорезисттүүлүгүнүн өсүшү туруктуу мониторингди жана дарылоо протоколдорун
жаңылоону зарыл кылат.