9. СТОМАТОЛОГИЯДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: ДИАГНОСТИКАДАН ПЕРСОНАЛДАШТЫРЫЛГАН ДАРЫЛООГО (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)
СТОМАТОЛОГИЯДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: ДИАГНОСТИКАДАН
ПЕРСОНАЛДАШТЫРЫЛГАН ДАРЫЛООГО (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)
А.Э. Шабыкеева1, А.Дж. Мурзалиев2
1Саткынбай Тентишев атындагы Азия эл аралык университети
Морфологиялык дисциплиналар кафедрасы
2Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу
медициналык институту
Стоматологиянын факультеттер аралык кафедрасы
Макаланын кыскача мазмууну
Актуалдуулугу. Стоматологияда жасалма интеллект (ЖИ) диагностикадан баштап
персоналдаштырылган дарылоого чейинки бардык этаптарда активдүү колдонулууда.
Бирок анын эффективдүүлүгүн системалуу баалоо жетишсиз.
Методдор. 2019–2024-жылдар аралыгындагы eLibrary, PubMed, Google Scholar
маалымат базаларында илимий басылмаларга системдүү сереп жүргүзүлдү. Терең үйрөнүү
алгоритмдерин (CNN, RNN) колдонгон 47 изилдөө киргизилген. Рентгенологиялык
сүрөттөрдү талдоо, ортодонтияда, имплантологияда, эндодонтияда, пародонтологияда
жана хирургиялык стоматологияда дарылоону пландаштыруу бааланды.
Натыйжалар. Жасалма интеллект кариести панорамалык сүрөттөрдө аныктоонун
тактыгын 94,2% түзөт (сезгичтиги 92%, өзгөчөлүгү 96%), бул тажрыйбалуу
стоматологдордун көрсөткүчтөрүнө (92–95%) салыштырылуу. Эндодонтияда тамыр
каналынын узундугун аныктоонун тактыгы – 91%, ортодонтияда тиштердин өсүшүн
болжолдоо – 87%. Пародонтологияда ЖИ сөөк тканынын жоготулушун визуалдык
баалоого караганда 40% эртерээк аныктайт.
Корутунду. Жасалма интеллект стоматологиялык диагностиканын тактыгын
жогорулатат, каталардын ыктымалдыгын азайтат жана дарылоону пландаштырууну
оптималдаштырат. ЖИ дарыгерди алмаштырбаган, тескерисинче, жардамчы курал болуп
саналат. Алгоритмдерди күнүмдүк колдонуу үчүн стандартташтыруу талап кылынат.
Негизги сөздөр: жасалма интеллект, стоматология, нейрондук тармактар,
компьютердик диагностика, санариптик технологиялар.