6. АЛЛЕРГИЯЛЫК РИНИТИ БАР БЕЙТАПТАРДА БРОНХИАЛДЫК АСТМАНЫН ӨНҮГҮШҮН БОЛТУРБООДО АЛЛЕРГЕН-СПЕЦИФИКАЛЫК ИММУНОТЕРАПИЯНЫН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РОЛУ
АЛЛЕРГИЯЛЫК РИНИТИ БАР БЕЙТАПТАРДА БРОНХИАЛДЫК АСТМАНЫН
ӨНҮГҮШҮН БОЛТУРБООДО АЛЛЕРГЕН-СПЕЦИФИКАЛЫК
ИММУНОТЕРАПИЯНЫН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РОЛУ
Б.Б. Ишембекова1, А.Н. Султангазиева2, Г.Т.Ашыралиева1
Саткынбай Тентишев атындагы эл аралык университети
1Терапия жана адистештирилген дисциплиналар кафедрасы
2Кесиптер аралык дисциплиналар кафедрасы
Кыскача мазмуну
Актуалдуулугу. Аллергиялык ринит бронхиалдык астманын өнүгүшүнүн негизги
коркунуч факторлорунун бири болуп саналат: аллергиялык ринити бар бейтаптарда
астманын пайда болуу тобокелдиги 2–7 эсеге жогорулайт. Урбанизация жана айлана
чөйрөнүн өзгөрүшүнөн улам аллергиялык оорулардын таралышынын өсүшүнө
байланыштуу оорунун жүрүшүнө таасир этүүчү ыкмалар өзгөчө мааниге ээ болууда.
Изилдоонун максаты: аллергиялык ринит (АР) бар бейтаптарда бронхиалдык
астманын алдын алууда аллерген-спецификалык иммунотерапиянын (АСИТ)
профилактикалык ролун талдоо, анын иммунологиялык механизмдерин баалоо, ошондой
эле тери астына киргизүү (SCIT, англ. subcutaneous immunotherapy) жана тил астына
киргизүү (SLIT, англ. sublingual immunotherapy) аллерген-спецификалык иммунотерапия
ыкмаларына салыштырма мүнөздөмө берүү.
Материалдар жана ыкмалар: 2019–2025-жылдар аралыгында PubMed, Scopus,
Cochrane Library жана Google Scholar маалымат базаларындагы системалуу баяндамаларга,
мета-анализдерге жана РКИ-ларга системалуу талдоо жүргүзүлдү.
Негизги натыйжалар: АСИТ Treg-клеткаларынын индукциясы, IgE синтезинин
IgG4кө которулуусу жана Th2-орточо сезгенүүнүн басылышы аркылуу иммундук жоопту
модуляциялайт, бронхиалдык астманын өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү коркунучун 60% га
азайтат (RR = 0,40; 95% ИА: 0,30–0,54).
Жыйынтык: АСИТ далилдүү оорунун жүрүшүн өзгөртүүчү ыкма болуп саналат жана
аллергиялык ринити бар бейтаптарда бронхиалдык астманын алдын алуу стратегиясы
катары эрте башталуу жана жетиштүү курс шартында каралышы мүмкүн.
Ачкыч сөздөр: аллергиялык ринит, бронхиалдык астма, аллерген-спецификалык
иммунотерапия, SCIT, SLIT, алдын алуу, аллергиялык марш.