3. ОСТЕОАРТРИТТИН ЗАМАНБАП ДИАГНОСТИКА ЖАНА ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ
ОСТЕОАРТРИТТИН ЗАМАНБАП ДИАГНОСТИКА ЖАНА ДАРЫЛОО
ЫКМАЛАРЫ
Г.У. Абдухамидова1, Э.Д.Жороев2
Саткынбай Тентишев атындагы эл аралык университет
1Терапия жана адистештирилген дисциплиналар кафедрасы
2Хирургия кафедрасы
Кыскача мазмуну
Актуалдуулугу. Остеоартрит (ОА) муундардын эң кеңири тараган дегенеративдик
ооруларынын бири бойдон калууда, ал өнөкөт ооруга, кыймылдуулуктун төмөндөшүнө
жана жашоо сапатынын начарлашына алып келет. Global Burden of Disease
изилдөөсүнүн 2020-жылдагы маалыматтары боюнча, дүйнө жүзүндө болжол менен 595
миллион адам остеоартрит менен жашайт, бул 1990-жылдагы көрсөткүчтөрдөн эки
эседен ашык.
Изилдөөнүн максаты. Остеоартритти диагностикалоонун жана дарылоонун
заманбап ыкмаларын талдоо, алардын клиникалык маанисин жана практикада колдонуу
келечегин аныктоо.
Методдор. PubMed, Scopus, Web of Science, Google Scholar маалымат базаларында
2015–2024-жылдар аралыгындагы адабияттарга систематикалык сереп жүргүзүлдү.
Талдоого рецензияланган макалалар, клиникалык сунуштар (EULAR, ACR, OARSI),
систематикалык серептер жана мета-анализдер киргизилди. Далилдүүлүк деңгээлин
баалоо жетектөөчү ревматологиялык ассоциациялардын классификациясы боюнча
жүргүзүлдү (A, B, C деңгээли).
Натыйжалар. ОА диагностикасы төмөнкү ыкмаларды камтыйт: рентгенография
(жеткиликтүү ыкма, бирок эрте стадияларда сезгичтиги төмөн); УЗИ (жумшак
ткандарды жана чогундуларды көрсөтөт, далилдүүлүк деңгээли B); МРТ (T2-mapping
жана T1ρ-картирлөө – кемирчектеги эрте өзгөрүүлөр, эрте ОА үчүн далилдүүлүк
деңгээли A); артроскопия («алтын стандарт», далилдүүлүк деңгээли B).
Перспективалуу биомаркерлер (CTX-II, COMP) изилденүү стадиясында турат,
рутиндик колдонууга сунушталбайт. Дарылоо немедикаментоздук ыкмаларды
(физикалык активдүүлүк – A деңгээли, салмакты азайтуу – A деңгээли),
фармакотерапияны
(НПВП,
парацетамол),
муун
ичине
инъекцияларды
(глюкокортикостероиддер – B деңгээли, гиалурон кислотасы – B/C деңгээли) жана
айкын симптомдордо хирургиялык дарылоону (A деңгээли) камтыйт.
Корутундулар. Остеоартритти заманбап диагностикалоо көп компоненттүү болуп
калды: МРТ жана УЗИ эрте стадиялардагы өзгөрүүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.