Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

2. КАРДИОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН ФАРМАКОТЕРАПИЯНЫ ТУУРА САКТАБООСУНУН ФАКТОРЛОРУ: СУРООЖЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА

КАРДИОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН ФАРМАКОТЕРАПИЯНЫ ТУУРА
САКТАБООСУНУН ФАКТОРЛОРУ: СУРООЖЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ
ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА

М.А. Алмазбекова, Г.Т.Ашыралиева
Саткынбай Тентишев атындагы эл аралык университет
Терапия жана адистештирилген дисциплиналар кафедрасы

Макаланын кыскача мазмууну
Актуалдуулугу. Жүрөк-кан тамыр оорулары бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргыз
Республикасында өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби бойдон калууда.
Фармакотерапиянын натыйжалуулугу пациенттердин дарылоо режимин сактоосуна
түздөн-түз көз каранды, бирок бейтаптардын 50% чейини дарылоого берилгендиги
төмөн, бул оорунун болжолун олуттуу начартат жана саламаттык сактоого кеткен
чыгымдарды көбөйтөт.
Изилдөөнүн максаты. Кардиологиялык бейтаптардын фармакотерапияны туура
сактабоосуна таасир этүүчү негизги психологиялык, социалдык жана экономикалык
факторлорду аныктоо.
Методдору. Туруктуу терапия алып жаткан ырасталган жүрөк-кан тамыр оорулары
менен 60 бейтапка онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү (орточо жашы 58 ± 11 жаш, 55%
эркектер). 24 суроодон турган түзүмдөштүрүлгөн анкета колдонулган. Деректерди
талдоо сүрөттөмө статистика жана жыштык талдоо жардамы менен аткарылган.
Натыйжалары. Туура сактабоонун негизги себептери: унутчаактык (74,6%),
таблеткаларды жутуунун кыйынчылыгы (67,8%), терс таасирлерден коркуу (41%),
каржылык чектөөлөр (41%) болуп саналат. Дарылоону кабыл алуудагы бурмалоолор
аныкталган: пациенттердин 38% дарыгерлерге ишенбестик билдирген, 45% “дарылар
зыяндуу” деген ишенимге ээ болгон. Толук берилгендик сурамжылангандардын 23%
гана катталган.
Корутунду. Кардиологиялык бейтаптардын фармакотерапияны туура сактабоосу
көп факторлуу мүнөзгө ээ. Комплекстүү мамиле талап кылынат: бейтаптарды окутуу,
психологиялык колдоо, дарылоо схемаларын жөнөкөйлөштүрүү жана социалдык
колдоо.
Ачкыч сөздөр: терапияга берилгендик, жүрөк-кан тамыр оорулары,
фармакотерапия, бейтап, тоскоолдуктар, психология.