Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

1. ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРДИН ПРАКТИКАСЫНДАГЫ НУТРИЦЕВТИКТЕР ЖАНА БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВДУУ КОШУЛМАЛАР

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРДИН ПРАКТИКАСЫНДАГЫ НУТРИЦЕВТИКТЕР ЖАНА
БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВДУУ КОШУЛМАЛАР

Б.Б. Куламбаев1 С.Э.Эрнисбекова1, К.Б.Биримкулова2
Саткынбай Тентишев атындагы эл аралык университет
1Терапия жана адистештирилген дисциплиналар кафедрасы
2Профессия аралык дисциплиналар кафедрасы

Макаланын кыскача мазмууну
Актуалдуулугу. Нутрицевтиктер жана тамак-ашка биологиялык активдүү
кошулмалар (БАК) баштапкы медициналык- санитардык жардамда барган сайын
маанилүү орунду ээлеп жатат. Акыркы төрт жыл ичинде жалпы практика дарыгерлери
тарабынан аларды сунуштоо жыштыгы дээрлик эки эсеге өстү, ошол эле учурда
алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жөнгө салган укуктук-нормативдик база
рыноктун реалдуулугунан кыйла артта калууда.
Максаты. Далилдүү медицинага жана реалдуу клиникалык практикага
негизделген, амбулатордук шартта жалпы практика дарыгерлери тарабынан
нутрицевтиктерди жана БАДдарды рационалдуу дайындоонун практикалык
алгоритмин иштеп чыгуу.
Материалдар жана ыкмалар. 2019–2025-жылдар аралыгындагы ата-мекендик
жана чет өлкөлүк публикациялар боюнча cубъективдүү баяндоо ыкмасындагы
адабияттарды кароо жүргүзүлдү, ошондой эле клиникалык сунуштар (Россия
эндокринологдор ассоциациясы, ESC, AGA, Cochrane Library) жана Кыргыз
Республикасында микронутриенттердин жетишсиздигинин таралышы боюнча улуттук
маалыматтар талданды.
Натыйжалар. Клиникалык мааниси далилденген БАДдардын негизги топтору
аныкталды (D витамини, омега-3, пробиотиктер, темир, магний). Ар бир топ үчүн
көрсөткүчтөр, далил деңгээлдери жана дары-дармектер менен өз ара аракеттенүү
коркунучтары мүнөздөлдү. Нутрицевтиктерди кабыл алган бейтаптар менен жалпы
практика дарыгеринин өз ара аракеттенүүсүнүн беш баскычтуу алгоритми иштелип
чыкты.
Жыйынтык. Нутрицевтиктерди рационалдуу колдонуу жетишсиздикти
лабораториялык тастыктоону, далилдүү базаны сын көз менен баалоону, дары-дармек
өз ара аракеттенүүлөрүн эске алууну жана бейтаптарды системалуу окутууну талап
кылат. Адабияттарды кароо cубъективдүү баяндоо мүнөздө болуп, системалуу эмес
болгонлуктан айрым кошулмалардын натыйжалуулугу боюнча акыркы тыянактарды
чыгаруу үчүн рандомизацияланган көзөмөлдүү изилдөөлөр зарыл.
Негизги сөздөр: нутрицевтиктер, биологиялык активдүү кошулмалар, жалпы
практика дарыгери, баштапкы медициналык-санитардык жардам, далилдүү медицина,
профилактика, нутритивдик абал, полипрагмазия.