Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

14. МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИ (MPOX): ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА ЗАМАНБАП МОЛЕКУЛЯРДЫК МОНИТОРИНГ ЫКМАЛАРЫ

МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИ (MPOX): ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
ЖАНА ЗАМАНБАП МОЛЕКУЛЯРДЫК МОНИТОРИНГ ЫКМАЛАРЫ

Э. Ж. Балтабаева¹, Т. А. Абдылдаев², А. Э. Рыспекова¹
Саткынбай Тентишев атындагы Азия эл аралык университети
¹Медициналык кесиптик дисциплиналар кафедрасы
²Хирургия кафедрасы

Макаланын кыcкача мазмуну
Актуалдуулугу. Акыркы жылдары mpox (маймыл чечеги вирусу) мурдагыдай
эндемикалык аймактар менен чектелбей, глобалдык инфекциялык коркунуч фактору
катары карала баштады. Оорунун географиясынын кеңейиши жана эпидемиялык
процесстин мүнөзүнүн өзгөрүшү вирустун жаңы эпидемиологиялык шарттарда активдүү
жайыла аларын көрсөтөт. Бул анын генетикалык өзгөрмөлүүлүгүн жана жугуу
механизмдерин терең изилдөөнүн зарылдыгын аныктайт. Мындай шартта геномдук
эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ.
Максаты: Mpox вирусунун эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү, молекулярдык
эволюциясы жана анын глобалдык жайылыш шартында геномдук мониторинг жүргүзүү
мүмкүнчүлүктөрү боюнча учурдагы маалыматтарды жалпылоо жана талдоо.
Материалдар жана методдор: 2022–2025-жылдар аралыгындагы эл аралык
уюмдардын (ДСУ, CDC) маалыматтары жана mpox эпидемияларына байланыштуу илимий
публикациялар талданды. GISAID платформасынын (EpiPox бөлүмү) агрегаттык геномдук
маалыматтары жана жарыяланган филогенетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары
колдонулду. Бул иштин алкагында авторлор тарабынан өз алдынча статистикалык
эсептөөлөр жана лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн жок.
Жыйынтыктар: Учурдагы mpox варианттары эки негизги генетикалык кластерге (I
жана II) бөлүнөт, ал эми II кластер IIa жана IIb подлинияларына ажыратылат. Азыркы
глобалдык эпидемияларда негизги ролду IIb подлиниясы ойнойт, ал адамдан адамга жугуу
жөндөмүнүн жогору болушу менен мүнөздөлөт. Эл аралык геномдук платформаларды
колдонуу вирустун мутациялык өзгөрүүлөрүн көзөмөлдөөгө, жугуу чынжырларын
аныктоого жана жайылуу динамикасын баалоого мүмкүндүк берет.
Корутунду: Mpox вирусунун жайылышы эпидемиологиялык жана геномдук көзөмөл
системаларын андан ары чыңдоону талап кылат. Негизги багыттар — маалымат алмашууну
кеңейтүү, геномдук анализ ыкмаларын стандартташтыруу жана инфекцияны эрте аныктоо
үчүн молекулярдык ыкмаларды кеңири колдонуу.
Ачкыч сөздөр: mpox, маймыл чечеги, эпидемиология, геномдук көзөмөл, геномдук
секвенирлөө, филогенетикалык анализ, GISAID.