Логотип Азия Эл Аралык Университети

САТКЫНБАЙ ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ Илимий-практикалык журналы

ВЕСТНИК АЗИАТСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА имени САТКЫНБАЯ ТЕНТИШЕВА Научно-практический журнал

BULLETIN OF THE ASIAN INTERNATIONAL UNIVERSITY NAMED AFTER SATKYNBAI TENTISHEV Scientific and practical Journal

11. БАЛДАРДАГЫ БРОНХИОЛИТТИ ДАРЫЛООНУН ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАРЫ: БРОНХОЛИТИКТЕРДИ ЖАНА СТЕРОИДДЕРДИ РУТИНДҮҮ КОЛДОНУУДАН БАШ ТАРТУУ

БАЛДАРДАГЫ БРОНХИОЛИТТИ ДАРЫЛООНУН ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАРЫ:
БРОНХОЛИТИКТЕРДИ ЖАНА СТЕРОИДДЕРДИ РУТИНДҮҮ КОЛДОНУУДАН
БАШ ТАРТУУ
А.Р. Райымбердиева, Х.М. Абдукадырова
С. Тентишев атындагы Азия Эл аралык университети
Акушерства, гинекология жана педитария кафедрасы

Макаланын кыскача мазмуну
Актуалдуулугу: Бронхиолит жаш балдардын, айрыкча эки жашка чейинки куракта,
төмөнкү дем алуу жолдорунун эң кеңири таралган ооруларынын бири болуп саналат.
Оорунун негизги себеби – респиратордук синцитиалдык вирус (RSV). Бронхиолит көбүнчө
вирустук инфекция болгондуктан, акыркы жылдары бул ооруну дарылоодо
бронходилататорлорду жана кортикостероиддерди кеңири колдонуу боюнча талкуулар
жүрүүдө. Заманбап клиникалык изилдөөлөр жана эл аралык сунуштар бул препараттардын
натыйжалуулугу чектелүү экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан далилдүү медицина
принциптерине негизделген дарылоо ыкмаларын колдонуу зарыл.
Изилдөөнүн максаты: Балдардагы бронхиолитти дарылоонун заманбап ыкмаларын
талдоо жана бронходилататорлор менен кортикостероиддерди рутиндик колдонуу
зарылдыгын баалоо.
Материалдар жана ыкмалар: Изилдөөдө эл аралык клиникалык сунуштар (AAP,
NICE, Canadian Paediatric Society, ERS/ESPID), ошондой эле PubMed жана Cochrane
базаларындагы илимий макалалар талданды. Бронхиолитти дарылоодо
бронходилататорлордун, кортикостероиддердин жана колдоочу терапиянын
натыйжалуулугу боюнча салыштырма анализ жүргүзүлдү.
Натыйжалар: Жүргүзүлгөн талдоо бронхиолиттин типтүү формасында
бронходилататорлорду жана кортикостероиддерди рутиндик колдонуу клиникалык
натыйжаларды олуттуу жакшыртпай турганын көрсөттү. Бул препараттар оорунун
узактыгын же ооруканада жаткан убакытты кыскартпайт. Мындан тышкары, алар
тахикардия, тремор, гипергликемия сыяктуу терс таасирлерге алып келиши мүмкүн. Эл
аралык клиникалык сунуштар бронхиолитти дарылоодо негизинен колдоочу терапияны
сунуштайт. Ал кычкылтек терапиясын, жетиштүү гидратацияны жана баланын абалын
туруктуу мониторингдөөнү камтыйт. RSV инфекциясынын алдын алууда моноклоналдык
антителолор (мисалы, нирсевимаб) келечектүү ыкма катары каралууда.
Жыйынтык: Далилдүү медицина боюнча алынган маалыматтар балдардагы
бронхиолитте бронходилататорлорду жана кортикостероиддерди рутиндик колдонуу
сунушталбай турганын көрсөтөт. Дарылоонун негизин колдоочу терапия түзүшү керек. Эл
аралык клиникалык сунуштарды колдонуу жана RSV инфекциясынын алдын алуу
чараларын кеңейтүү балдардагы бронхиолиттин оор формаларынын азайышына
жардам берет.
Ачкыч сөздөр: бронхиолит, балдар, респираторно-синцитиалдык вирус, далилдүү
медицина, педиатриялык пульмонология.