Журналы жөнүндө
“АЭУ Жарчысы” — 2025-жылы С. Тентишев атындагы Азия Эл аралык Университети тарабынан негизделген эксперттер тарабынан текшерилүүчү илимий басылма. Журнал медицина, саламаттыкты сактоо, экология жана башка туундуу илимдер тармагындагы негизги жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жарыялоо үчүн аянтча болуп саналат.
Журналдын Миссиясы:
Илимий кызматкерлерди, адистерди жана окутуучулардын аракетин бириктирип, эл аралык илимий кызматташтыкты колдоо жана актуалдуу билимдерди таратуу жолу менен медицина илими менен практикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Максаттар жана Милдеттер
- Жогорку сапаттагы илимий макалаларды, обзордорду жана клиникалык учурларды жарыялоо.
- Кен аудитория үчүн илимий материалдарга ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
- Медицина практикасына жана билим берүүгө инновацияларды киргизүүнү жандандыруу.
- Ар түрдүү өлкөлөрдөн келген илимий изилдөөчүлөр ортосунда дисциплинааралык диалогду өнүктүрүү.
Негизги Тематикалык Багыттар
Журнал төмөндөгүдөй темаларды камтыйт:
- Клиникалык медицина (ооруларды диагноз коюу, дарылоо, алдын алуу)
- Негизги медициналык изилдөөлөр
- Коомдук саламаттык жана эпидемиология
- Медициналык билим берүү жана педагогикада инновациялар
- Фармакология жана фармация
- Саламаттыктын аймактык аспектилери
- Экология жана экологиялык билим берүү
Башкы редактор: Сельпиев Тойчубек Түлекович, профессор, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы.
Журналдын Тарыхы:
Журнал башында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй облусунун юстиция башкармалыгында “С.Тентишев атындагы Азия Медицина Институтунун Жарчысы” илимий-практикалык журналы болуп катталган.
ISSN 1694-9072 (басма версия)
Азыркы учурда, мекеменин аты өзгөртүлгөнүнүн натыйжасында, журнал “С.Тентишев атындагы Азия Эл аралык Университетинин Жарчысы” илимий-практикалык журналы деп өзгөртүлдү.
E-mail: bakytbekjan@gmail.com
Негизги Өзгөчөлүктөрү
Жарыялоо жыштыгы: Жылына 4 жолу (ар квартал).
Жарыялоо тилдери: орус, англис, кыргыз (үч тилде тең аннотация менен).
Эксперттик текшерүү: Бардык макалалар көз карандысыз эксперттер тарабынан текшерилет.
Ачык кирүү: Бардык материалдар журналдын веб-сайтынан акысыз жеткиликтүү.
Индексация: Журнал РИНЦ, CrossRef (DOI) жана башка эл аралык маалымат базаларына каттоодон өткөрүү планданууда.
Макаланы кантип жөнөтүү керек?
Макалалар электрондук почта аркылуу кабыл алынат: bakytbekjan@gmail.com
Жазылуу талаптары жана экспертиза этаптары “АЭУЖ Авторлор үчүн” бөлүмүндө жеткиликтүү.
Байланыш үчүн
Журналдын жооптуу катчысы:
Куламбаев Бакыт Бекжанович, мед.и.к., АЭУнун доценти.
Редакциянын дареги: Кыргызстан, Кант шаары, Гагарин көчөсү 58.